Кыргызстанда акылдуу үй үчүн керектүү жабдыктарды чыгарган ишкана салынышы мүмкүн.
Кечээ, 26-ноябрда Кыргызстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору Германиянын SBS Holdings компаниясы менен акылдуу үй үчүн керектүү жабдыктарды чыгарган ишкананы куруу тууралуу меморандумга кол койгон.
Белгилей кетсек, аталган документке Садыр Жапаровдун Германияга жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлду.