Бир сутка ичинде жалпысынан 48 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, айыккандардын 14ү Бишкекте, экөө Нарын облусунда, Ош облусунда жетөө, Ош шаарында 25.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 302 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.