Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду
Айтматов проспектисинин бир бөлүгү эки айга жабылат
29.07.2025 | 07:07
Бишкектеги Айтматов проспектисинин Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү эки айга жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолду реконструкциялоо иштери 29-июлда башталат. Алгач этапта бордюрлар менен лотоктор демонтаждалып, бул убакта унаалар үчүн жол ачык бойдон калат.
“Бирок оңдоо иштери негизги жүрүүчү бөлүккө жеткен учурда жол толугу менен жабылып, каттам убактылуу токтотулат”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар