Кыргызстанда «Альпинизм жөнүндө» мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргызстанда «Альпинизм жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Депутат Эмил Токтошев тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.
Маалым кат-негиздемеге ылайык, «Альпинизм жөнүндө» мыйзам долбоору бийик тоолорго чыккандардын коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо, Борбордук Азиядагы альпинизмдин борбору катары Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
“Акыркы жылдары Кыргызстанда альпинизм жана тоо туризминин активдүү өнүгүүсү байкалууда, бул аталган чөйрөнү укуктук жөнгө салууну талап кылат. Тоо чокуларына чыгуулар кеңери кулач жайып жаткандыгына карабастан, ушул убакка чейин альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар дагы эле жетишсиз”,- деп айтылат маалыматта.
«Альпинизм жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы бул чөйрөдө натыйжалуу укуктук жөнгө салууну камсыз кылып, альпинизмди активдүү өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшөт.