Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясынын баасы айтылды

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясынын баасы айтылды

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы 7,5 миң доллар турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Аткаминердин айтымында, бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандар операция жасатууга кезекте турушат.

“Алар акчасын издеп жатышат. Бейтаптар гемодиализ үчүн бир жылга 10-12 миң доллар коротот экен. Андыктан эгер биз аларга каражат жагынан жардам берсек, өзүбүздө эле операция жасатып алышмак”, — деди министр.

Учурда Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Жыл ичинде бюджеттен 2,5 млрд сом жумшалат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу ички органдары алмаштыруу операциясы 2012-жылы болгон. Анда Түркиядан келген дарыгер 22-жаштагы жарандын бөйрөгүнө операция жасаган. Андан кийин Беларус дарыгерлери Бишкекте 35-жаштагы жаранга жардам беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>