Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев дагы бир жолу кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын моюндаган жок

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев дагы бир жолу кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын моюндаган жок

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Бүгүнкү процессте тараптар жарыш сөзгө өттү. Жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочуу баштады. Ал Ашыралиев өзгөчө оор кылмыш жасаганын айтып, судьядан айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

Андан кийин сөз сүйлөгөн жабырлануучу тараптын жактоочусу прокурорду колдоп Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну өтүндү.

Андан соң айыпталуучунун жактоочусу сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Ашыралиевдин күнөөсү толук далилденбегенин билдирип, соттон Ашыралиевге акыйкат чечим чыгарып берүүнү суранды.

Акыркы болуп сөз Ашыралиевге берилип, ал дагы бир ирет маркум аялдын туугандарынан жана элден кечирим сурады. Ошол эле учурда ал кылмыш жасаганын мойнуна алган жок.

Белгилей кетсек, Ашыралиев буга чейин да маркумдардын жакындарынан кечирим сурап, бирок күнөөлүү эмес экенин билдирген.

Бүгүнкү отурум менен тараптардын жарыш сөзү аяктады. Кийинки отурум эртең, 3-ноябрга белгиленди. Эртеңки отурумда Ашыралиевге акыркы сөз берилип, андан кийин ага өкүм чыгат.

Эске салсак, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>