Кыргызстанда илдетти жуктургандар 80 миңден ашты

Кыргызстанда илдетти жуктургандар 80 миңден ашты

Акыркы суткада илдет 180 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 67, Ош – 1, Чүй облусу – 60, Ош облусу – 14, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 4, Баткен облусу – 8.

Бүгүнкү күнгө чейин 80 миң 25 адамга вирус жуккан, анын 74 миң 177и сакайды.

Ал эми соңку суткада илдеттен каза болгондор катталган жок, буга чейин жалпы өлкө аймагында 1 миң 340 вирустун курмандыгы болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>