Бишкекте мектеп окуучуларынын “Жаш изилдөөчүлөр” илимий лагери өтүүдө

29.07.2025 | 15:53

28-июлда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” эл аралык университетинде “Жаш изилдөөчүлөр” илимий лагери башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Лагерь 8-августка чейин созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан, шаар жана айыл аймактарынан тандалып алынган 9 – 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү болуп саналган 24 мыкты окуучу катышууда. Программанын негизги темасы – айлана-чөйрөнүн булгануусу жана экологиялык көйгөйлөр.

Лагерь Агартуу министрлиги, “Маариф” фонду, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Ала-Тоо” эл аралык университети жана Улуттук илимдер академиясы тарабынан биргелешип уюштурулган.

Катышуучулар лабораториялык иштерди жана талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, илимий макала даярдашат. Программанын соңунда ар бир катышуучу өз ишин симпозиум форматында коргойт.

Лагердин максаты – мектеп окуучуларынын илимге болгон кызыгуусун арттыруу, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана аналитикалык-практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.

Scroll to Top