Кыргызстанда ушул жылдын январь-апрель айларында (эң акыркы маалыматтар) чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык номиналдык эмгек акы 22 миң 84 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдуу эмгек акы 16,8%га, ал эми 2020-жылдын январь-апрель айларына карата 23,6%га өскөн.
«Экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда каралып жаткан мезгилде орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы байкалды», — деп айтылат маалыматта.
Мында кыйла олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө — 44,8%га, искусство, оюн-зоок жана эс алууда — 35,6%, тоо-кен өндүрүшүндө — 29%га белгиленген.