Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Кыргызстанда орточо эмгек акы 16,8%га өстү
27.06.2022 | 15:48
Кыргызстанда ушул жылдын январь-апрель айларында (эң акыркы маалыматтар) чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык номиналдык эмгек акы 22 миң 84 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдуу эмгек акы 16,8%га, ал эми 2020-жылдын январь-апрель айларына карата 23,6%га өскөн.
“Экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда каралып жаткан мезгилде орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы байкалды”, – деп айтылат маалыматта.
Мында кыйла олуттуу өсүш саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндө – 44,8%га, искусство, оюн-зоок жана эс алууда – 35,6%, тоо-кен өндүрүшүндө – 29%га белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика