Имамдан акча опузалаган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Имамдан акча опузалаган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы кызматынын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, УКМК кызматкерлери тарабынан 1500 АКШ долларын опузалап 14 000 (он төрт миң) сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ы.А. аттуу УКМК Коррупцияга каршы кызматынын жалган кызматкери кармалды.

Жеке тинтүү учурунда УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын КР С.Н.К. аттуу жаранынын наамына берилген кызматтык күбөлүгү табылды.

24-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы «Жума» мечитинин имамы А.Т. жана Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын баш имамы М.И., 24-июнда сүйлөшүү учурунда кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, оорулуу кызына жардам берүү шылтоосу менен А.Т. жана М.И.дан 1500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган КР УКМК кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бүгүнкү күндө И.Ы.А. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>