Өзбекстанда инфляция февраль айынын жыйынтыгы боюнча 7,3%ды түздү — ЕӨБдүн маалыматыКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү: реформаны жарандардын 86 пайыздан ашыгы колдодуКыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болотОрто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилдиМыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулду
Кыргызстанда жакырчылык өсөбү? Дүйнөлүк банктын божомолу (видео)
30.05.2022 | 16:57
Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанда жакырчылык өсөт деп божомолдоодо. Аталган банктын адамзат өнүгүшү маселелери боюнча Европа жана Борбордук Азиядагы директору Фадия М. Саада Economist.kg басылмасына маек куруп, бул боюнча кенен айтып берген.
Анын айтымында, COVID-19 пандемиясы дүйнө боюнча киреше алуу булактарына таасирин тийгизди. Кыргызстан дагы четте калган жок. Мындан улам жакырчылыктын жана калктын аярлуу катмарынын өсүшү байкалууда. Мисалы, 2019-жылдын анализи боюнча калктын 19%ы жакырчылыктын чегинен төмөн болсо, бул көрсөткүч 2020-жылы өсүп, 2021-жылы ошондой эле көрсөткүчтө болгон. Бүткүл дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 38%га өсөт.