Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Кыргызстанда жарандар соттук карызын эми онлайн төлөй алышат
07.09.2023 | 20:37
Кыргызстанда соттук карыз боюнча аткаруучулук жыйымды төлөө кызматы онлайн режиминде иштейт. Бул тууралуу Сот департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул формат учурда тесттик режимде иштеп жатат.
Сот департаментинин Соттук актыларды аткаруу боюнча башкармалыгынын ЖАМК ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Канат Осмонов билдиргендей, эми карызкорлор негизги карызды гана эмес, банктардын жана төлөм системасынын операторлорунун мобилдик тиркемелери аркылуу аткаруу жыйымдарын төлөй алышат.
Соттук карыздын бар-жоктугун текшерүүдө, эгерде бар болсо, «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» мыйзамда каралган аткаруу жыйымдарын кошо алганда, карызды жабуу үчүн төлөм коду түзүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар