Депутат Орусиядагы кыргызстандык айдоочулардын маселесин көтөрдү

Депутат Орусиядагы кыргызстандык айдоочулардын маселесин көтөрдү

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Орусиянын Мамлекеттик Думасы өз аймагындагы айдоочулардын орусиялык айдоочулук күбөлүгү болгондо гана таксиде иштөөгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганын айтты.

Депутат Кыргызстан ЕАЭБге жана башка интеграциялык бирикмелерге мүчө экенин эске алып, чукул чараларды көрүүгө чакырды.

«Орусияда 700 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Биз жарандарыбыздын укугун коргошубуз керек. Мыйзам кабыл алынганга чейин жооп берип, иштешибиз керек. Мыйзам кабыл алынса, биздин жарандарга кыйын болот. Москвада, Санкт-Петербургда кыргызстандык айдоочулар көп. Бул маселе боюнча иштеп, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди алуу керек”, — деп депутат бийликке кайрылды.

Россияда кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>