Эл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотека
Өлкөдөгү бейтапканаларга 15 гемодиализ аппараты сатып алынды
02.05.2023 | 18:10
Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жабдыктар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Долбоордун максаты – COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.
“Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары”, – деп билдирет министрлик
Гемодиализ аппараттары төмөнкү бейтапканаларга берилген:
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына – 1,
- M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна – 1,
- Улуттук госпиталга – 1,
- М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна – 1,
- Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына – 1,
- Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына – 1,
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна – 2,
- Чүй облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Талас облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Баткен облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Нарын облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна – 1.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом