Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилет
Экөө өлүп калган! Беш ителгини чет өлкөгө ташып бараткан адам кармалды – видео
23.11.2020 | 13:19
Кыргызстандын аймагынан 5 ителгини алып чыгууга араке кылган адам “Манас” аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Билдирүүдө айтылгандай, окуя 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30да чамасында катталган.
Аэропортунун жүк ташуучу терминалын кармалган шектүү 25 жаштагы коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны болгон.
Анын баштыгынан табылган 5 ителгинин экөө өлүп калганы аныкталган. Бул факты боюнча (“Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына кигизилген.
Белгилей кетсек, Кызыл китепке кирген ителги сыяктуу шумкарларды мыйзамсыз чет өлкөгө ташып жүргөндөр буга чейин дагы аныкталган.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар