Бишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат
Кыргызстандык 50 студент Башкортостанда акысыз окуйт
02.09.2022 | 17:14
Кыргызстандык 50 студент Башкортостанга окууга барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министрдин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостанга окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.
Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.
Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.
Окуу жай студенттерге акысыз билим берип, стипендия төлөп берет.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом