Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Камактагы Адилет Балтабайдын биринчи соту өтүп, айыбы угузулду
02.09.2022 | 17:37
Активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунда биринчи отурум өттү.
“Сот процесси бүгүн башталды. Адилет Балтабайга айыбы угузулду. Күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум 13-сентябрга жылдырылды”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) “массалык башаламандыктарга чакырык жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Аталган берене боюнча беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Учурда ал №1 тергөө абагында камакта отурат.
Активист Адилет Балтабайдын жубайы: Сын пикири үчүн камалганы адилетсиздик (маек)
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом