Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды — сүрөт

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды — сүрөт

Кечээ, 1-сентябрда Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ал 35 чабак балыгы, катамаран жана тор менен колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 49 жаштагы Б.А. аттуу тургуну болот.

Аталган факт каттоого алынып, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.

Облустук милиция мыйзамсыз балык уулагандарга мыйзамга ылайык жаза каралганын эскертет.

«Облустук милициянын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуунун алдын алуу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле, аларга браконьердик жол менен кармалган балыктарды сатуу үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалымат берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көлдө браконьерлер менен күрөшүүнү туристтик-экологиялык милиция жүргүзүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>