Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилди
Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Түркиядагы турнирде алтын утту
09.03.2024 | 20:45
Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Түркиядагы Yasar Dogu, Vehbe Emre эл аралык мелдешинде алтын медалга татыды.
Мелдешке спортчу 57 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан тарта катышып, алгач ирандык спортчуну жеңди.
Ал эми чейрек финалда дагы бир кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулун артта калтырды.
Жарым финалда Алмаз уулу казакстандык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын үчүн күрөштө Бекзат Алмаз уулу россиялык спортчуну жеңип, алтын медаль утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар