Ысык-Көлдө аялдын 45 баш малын алып, качып кеткен жаран кармалды   

Ысык-Көлдө аялдын 45 баш малын алып, качып кеткен жаран кармалды   

Ысык-Көл облусунун тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Ысык-Көл районунун тургуну (аял киши) арыз менен кайрылып, материалдык чыгым келтирген жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. 2023-жылы жайында бейтааныш жаран арыз ээсинин 40 баш коюн, 3 баш уюн, 2 баш музоосун ишеничине кирип сатып берем деп алдап алып кеткен.

Мындан сырткары арыз ээсинин ишеничине кирип, жалпы суммасы 250000 сом акча каражатын банктан насыяга алдыртып алдап кетип, ири өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирген. Арыз Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иштерин жүргүзүүнүн негизинде көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча шектелип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Ысык-Көл районунун 1968-жылы туулган тургуну А.А. кармалган. Алдамчылыкка шектелген жаран Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>