Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдешке катышат
28.04.2023 | 16:47
Кыргызстандык балбан кыздар Анталия шаарында (Түркия) өтө турган Victory Cup and Champions эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 29-апрелден 4-майга чейин болуп өтөт. Кыргызстандын атынан мелдешке 7 спортчу барат:
- Айдай Нурудинова (62 кг);
- Айтолкун Медет кызы (57 кг);
- Таңчолпон Кабылбекова (62 кг);
- Калмира Билимбекова (59 кг);
- Гулнур Таштанбекова (68 кг);
- Жаркынай Нурлан кызы (62 кг);
- Гүлдана Баатырбекова (60 кг).
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз