Айгүл Жапарова Баткенге барды

Айгүл Жапарова Баткенге барды

Баткен облусунда “Тынчтыкты сактоо боюнча аялдардын активдүү уюмдары менен диалог” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Винера Раимбачаева, Миргүл Темирбаева, Шарапаткан Мажитова, Лейла Лурова, Гүлшаркан Култаева, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Баткен облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, активист айымдар менен бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада аймактагы аялдардын социалдык көйгөйлөрүн биргелешип чечүү жана бул жаатта аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева жергиликтүү айымдардын аракети конкреттүү маселелерди чечүүгө гана жардам бербестен, коомдук аң-сезимдин өсүшүнө жана маанилүү маселелерди көтөрүп чыгууга жардам берерин белгилеп: “Бүгүнкү жолугушуу Баткен облусунун аялдары үчүн кандай чакырыктар, көйгөйлөр бар экенин жана аларды биргелешип кантип чече аларыбызды талкуулоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Силердин идеяларыңар жана сунуштарыңар биздин келечегибиз үчүн чоң мааниге ээ”,– деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>