Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Кыргызстандык балбандар U-15 Азия чемпионатында 7 медаль багындырды
07.07.2025 | 12:00
Бишкектеги “Бишкек Арена” муз аянтчасында өспүрүмдөр арасында (U-15) грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдешке Кыргызстан менен катар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Түштүк жана Түндүк Корея, Иордания, Тайбей, Түркмөнстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн жаш балбандары катышты.
Кыргызстандын курама командасы мелдеште жалпы жонунан 7 медалга ээ болду:
– 1 алтын
– 2 күмүш
– 4 коло
Медаль уткандар:
- 85 кг — Хасан Гасанов (алтын)
- 38 кг — Нурислам Шаимкулов
- 62 кг — Байел Асылбеков
- 44 кг — Юсуф Баялиев
- 48 кг — Нурэл Өзгөнов
- 57 кг — Бакай Рустамов
- 75 кг — Нурдин Анаркулов
Рубрики: Жаңылыктар