Кыргызстандык бийчилер Дүйнө чемпиону болушту

Кыргызстандык бийчилер Дүйнө чемпиону болушту

Кыргызстандын Спорттук бий федерациясынын спортчулары Германияда өткөн спорттук бал бийи боюнча Дүйнө чемпионатында жеңишке жетишишти. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.

6-7-июнда Германиянын Бремен шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык спорттук бал бийи боюнча турнир болуп өттү. Анын алкагында Дүйнөлүк спорттук бий федерациясы (WDSF) тарабынан уюштурулган 21 жашка чейинки чоңдор арасында латина программасы боюнча Дүйнө чемпиондугу өткөрүлдү.

Бул турнирге АКШ, Румыния, Франция, Италия, Польша, Португалия, Грузия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы жана башка Европанын жана Азиянын 30дан ашык өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышышты.

Кыргызстандык бийчилер Владимир Вырлеев жана Мария Прошлецова 65 жуптун ичинен биринчи орунду ээлешип, алтын медаль жана Дүйнө чемпиону наамын жеңип алышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>