Кыргызстандык эки велоспортчу Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Велоспортчу Александр Дядичкин 35-39 жаш курактагылар арасындагы жарышта күмүш медаль утса, 55-59 жаштагылар арасындагы жарышта Игорь Филин коло медалга татыды.
Азия чемпионаты 5-12 июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өттү.