Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Кыргызстандык компания орусиялык футболчуларга форма тигет
13.06.2022 | 13:42
Кыргызстандык Bigser Sport спорт мода үйү «Зенит» (Россия) футболчулары үчүн форма тигип берет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков орусиялык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясында билдирди.
Иш-чаранын алкагында Bigser Sport жана Zenit Premier Football профессионалдык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.
«Эми кыргызстандык компания орусиялык футболчуларга форма тигип берет. Өлкөбүздүн экспорттук потенциалы коңшулардан, жада калса Европа мамлекеттеринен да артта калбасына ишенебиз. Ошондуктан, россиялык компаниялар мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бүгүн ишенимдүү өнөктөштөрдү таба алышат», — деди Артем Новиков.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт