Кыргызстандык окуучу Жасалма интеллект боюнча Эл аралык олимпиадада коло медаль утту

11.08.2025 | 11:10

2–9-август күндөрү Кытайдын Пекин шаарында Жасалма интеллект боюнча 2-Эл аралык олимпиада (International Olympiad in Artificial Intelligence — IOAI) өттү. Иш-чарага 61 өлкөдөн 300 окуучу жана 73 команда катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Эки күндүк мелдеште катышуучулар машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттары боюнча тапшырмаларды аткарышты. Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи.

Жыйынтыктар:

  • Матвей Низовский — коло медаль («Маариф» билим берүү комплекси)
  • Семён Богуславский — катышуучу (№61 орто мектеби, 11-класс)
  • Акниет Кенжегулов — катышуучу (№61 орто мектеби, 11-класс)
  • Исхак Тажибаев — катышуучу («Кут Билим» билим берүү комплекси, 11-класс)

Команданын жетекчиси — Мамат Ишматов («Газпром» Олимпиадалык борбору).

Тренерлер: Александр Гущин, Андрей Кузнецов (Борбордук университет), Руслан Рахимов (T-Bank AI Research), Тургунбек Омурканов (МБанк), Тимур Туратали (AI Academy, МБанк), Эрмек Айтыгулов («Звук»).

Scroll to Top