Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасында тарыхый ийгилик жаратты
01.10.2025 | 11:35

Кыргызстандык окуучулар XXXII Балкан информатика олимпиадасында тарыхый ийгилик жаратып, 2 алтын, 2 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиада Италиянын Удине шаарында 25-сентябрдан 1-октябрга чейин өткөн. Ага 16 өлкөдөн 70ден ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан төмөнкү окуучулар катышкан:
- Алтын медаль – Алихан Айдарбеков (Сейтек STEM мектеби, 12-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
- Алтын медаль – Ян Бобрус (Газпром Кыргызстан мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Медербек Осмонов
- Коло медаль – Нурислам Карыпжанов (Ч. Айтматов Сапат лицейи, 11-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
- Коло медаль – Рамазан Мананов (Сейтек STEM мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
Натыйжада Кыргызстандын командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлеген. 1-орунду Румыния 2 алтын, 2 күмүш медаль менен алган.
Мындан тышкары, Алихан Айдарбеков жеке жыйынтыкта олимпиаданын эң күчтүү үчтүгүнө кирген.
Агартуу министрлиги бул жыйынтык Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч экенин билдирди. 2023-жылы Балкан олимпиадасында Кыргызстандын командасы бир гана коло медаль алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом