«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Кыргызстандык окуучулар ишкердик боюнча КМШ чемпионатында күмүш медалга ээ болушту
19.08.2025 | 10:23

Кыргызстандык окуучулар КМШнын ишкердик жана каржылык сабаттуулук боюнча Эл аралык чемпионатында экинчи орунду ээлешти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги «За достойное образование» фондунун президиумунун төрагасы Евгений Беловго шилтеме берип, маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чараны «Алабуга» өзгөчө экономикалык зонасы ППТ» АКкы уюштурган.
Чемпионатка Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын окуучулары катышкан. Кыргызстандан 11 окуучу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулмановдун жетекчилиги алдында катышкан.
Жыйынтыгында, командалык эсеп боюнча кыргызстандык окуучулар күмүш медалга ээ болушкан. Биринчи орунду Өзбекстандын командасы багындырса, коло байгени тажикстандык команда алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: КМШ