Бишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканада
16-ноябрга карата аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан-чачын, туман күтүлөт
15.11.2026 | 09:00

Бүгүн, 16-ноябрда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында (айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн), ошондой эле Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Күндүз Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан-чачын уланат, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 3…8°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 7…12°C;
- Ош облусунда түнкүсүн -1…+4°C (айрым жерлерде 0…-2°C үшүк жүрүшү мүмкүн), күндүз 12…17°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…+4°C (айрым жерлерде 0…-2°C үшүк жүрүшү мүмкүн), күндүз 12…17°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4°C (айрым жерлерде 0…-2°C үшүк жүрүшү мүмкүн), күндүз 12…17°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1°C, күндүз 3…8°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8°C, күндүз 2…7°C;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 6…8°C жылуу болот. Жаан-чачын күтүлбөйт;
- Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн -1…+1°C, күндүз 6…8°C жылуу болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода