Келечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн долларЭдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстан бала бакчаларды өнүктүрүүгө 6,36 млн доллар кредит жана грант алат. ЖК макулдашууну 1-окууда кабыл алдыКумтөрдүн отчету эл аралык аудит тарабынан тастыкталдыАлмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды
Кыргызстандык парадзюдочулар Германиядагы мелдеше катышат
10.02.2024 | 10:00
Кыргызстандык парадзюдочулар Германиянын Гейдельберг шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
13-19-февраль күндөрү өтө турган мелдешке Кыргызстандан 5 спортчу катышат.
Курама команданын тизмеси:
– Хайитхон Хусан кызы, Фердауза Убакирова – 48 кг;
– Темирлан Абдикаримов, Алихан Жумагулов – 60 кг;
– Маматибрагим Суранов – 73 кг ;
– Мезина Максатбекова – дарыгер.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында катышат.