ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы айтылды

ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы айтылды

Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий ооруканасында Бишкек ЖЭБдеги кырсыкта жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыкты дарылоо уланууда.

Тышкы иштер министрлиги 9-февралда билдиргендей, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, түрк ооруканасынын дарыгерлери менен дайыма байланышта болууда.

«Учурда бейтаптарга ыкчам операция жасалып, реанимацияда жатышат. Азыркы маалда алардын жанында жакын туугандары карап жатышат. Ал эми Кыргызстандын Башкы консулдугу бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүнү улантып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар аталган маселе Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө болууда.

2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>