Астанадагы Көчмөндөр оюндары көк бөрүсүз өтөт

Астанадагы Көчмөндөр оюндары көк бөрүсүз өтөт

Быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын борбору Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештердин түрлөрүнүн тизмеси белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бешинчи ирет уюштурулуп жаткан Көчмөндөр оюндарында спорттун 20 түрү боюнча таймаштар өтөт. Бирок мелдештердин программасына көк бөрү кирбей калган. Көк бөрүнүн ордуна көкпар боюнча оюн өтөт.

Көк бөрү менен көкпар — бир эле оюндун кыргызча жана казакча аталышы. Бирок ошол эле учурда алардын айрым айырмачылыктары бар. Анын негизгилери — көк бөрүдө (Кыргызстан) улакчылар 20 мүнөттөн 3 бөлүк ойнойт (жалпы 60 мүнөт), улакты тай казанга салат. Ал эми көкпарда (Казакстан) оюн 20 мүнөттөн 2 бөлүккө (40 мүнөт) созулуп, оюнчулар улакты (муляжды) жердеги тегерекке ыргытып ойнойт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан тарабынан уюштурула баштагандан тарта көк бөрү боюнча мелдештер дайыма өткөрүлүп жүргөн. 2022-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда өткөндө көк бөрү жана көкпар боюнча өзүнчө мелдештер уюштурулган.

Астанадагы Көчмөндөр оюндарында мелдештер өткөрүлө турган спорттун түрлөрү

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген.

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашык турист келерин күтүүдө

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>