Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Кыргызстандык спортчулар кураш боюнча дүйнө чемпионатында 2 медаль утту
24.11.2023 | 16:48
Кыргызстандык эки спортчу Ташкентте (Өзбекстан) өткөн кураш боюнча World Series Masters Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
+100 кг салмакта Бекболот Токтогонов күмүш, 90 кг салмакта Жамалбек Асылбек уулу коло медаль тагынды. Экинчи орунду алган Токтогоновго 5 мин доллар, коло байге уткан Жамалбек Асылбек уулуна 1 миң доллар сыйлык берилген.
Белгилей кетсек, кураш боюнча World Series Masters дүйнө чемпионаты 22-ноябрь күнү өтүп, жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды.
1-орун үчүн 10 миң доллар тапшырылса, 2-орунду алгандарга 5 миң доллар жана 3-орунга татыгандарга 1 миң доллар акчалай сыйлык берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз