Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Бишкекте тургундан 61 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды
24.11.2023 | 17:15
Бишкекте тургундан 61 миң доллар алып, алдап кеткен аял киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-сентябрда милицияга аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, К.М. аттуу аял өзүн бир компаниянын директору катары тааныштырып, ишеничине кирип, Бишкектен батир алам деген шылтоо менен 61 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-бернеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы К.М. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз