Кылмышка шектүүлөргө арналган билерик зомбулук көрсөткөндөргө дагы колдонулат

Кылмышка шектүүлөргө арналган билерик зомбулук көрсөткөндөргө дагы колдонулат

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн жарандарга электрондук билерикти колдонуу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аялдардын маселесине арналган жыйынында маалымдалды.

Электрондук билериктердин жардамы менен алардын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун байкоого болору айтылды.

ИИМдин маалыматында, 2023-жылдын 8 айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 502 арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги кылмышка шектүү жана соттолгон жарандарды көзөмөлдөө үчүн электрондук билерикти киргизүүнү сунуштаган. Мекеменин айтымында, бул чара соттолгондорду абакта эмес  эркиндикте көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөө пландалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>