Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Кыргызстандык үч мушкер Испаниядагы мелдештин жарым финалына чыкты
02.02.2024 | 11:06
Кыргызстандык үч мушкер Испанияда өтүп жаткан Boxam эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
60 кг салмакта катышкан Сейитбек Мунарбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, алгач швейцариялык, чейрек финалда индиялык мушкерди уткан. Эми жарым финалда шотландиялык спортчу менен кез келет.
80 кг салмакта Сагын Сатыбалды уулу 1/8 финалда польшалык, чейрек финалда бельгиялык спортчуну жеңген. Жарым финалда өзбекстандык мушкер менен күч сынашат.
Ошондой эле 86 кг салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу чейрек финалдагы биринчи беттешинде польшалык боксчуну уткан. Жарым финалда индиялык спортчу менен таймашат.