ЖЭБдеги кырсык: Ташиев диверсия болушу мүмкүндүгүн айтты

ЖЭБдеги кырсык: Ташиев диверсия болушу мүмкүндүгүн айтты

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда өзгөчө режим жарыяланды. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.

Анын маалыматында, кырсык боюнча эки божомол иликтенүүдө.

«Коопсуздук кызматтары иш алып барып жатат.  Эки божомол бар. Анын бири, Камчыбек Ташиевдин айтымында диверсия болушу мүмкүн, анткени бир нече жолу жарылуу угулган. Экинчи версия —  техникалык жактан мүчүлүштүктөр», — деди министр.

Ал Бишкек боюнча өзгөчө режим киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун белгиледи.

«Шаарга жылуулук берилип жатат. Азыр 2 отказан иштеп жатат, кечинде дагы экөөнү ишке киргизебиз. Өлкөдөгү ГЭСтерге бардык кубаттуулукта иштөө буйругу берилди. Алар Бишкекти электр жарыгы менен камсыздайт», — дейт ал.

Бообек Ажыкеев шаардагы батирлерде жылуулук басымы бир аз төмөндөрүн эскеррти.

«Бирок норма сакталат. Талап боюнча үйдүн ичинде 18-21 градус, бала бакчаларда 22-25 градус болушу шарт», — дейт ал.

Ал кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө экенин, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров дагы иш алып барып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ЖЭБде 2-февралда саат 03:00дор чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, үчөөнүн абалы оор. Бишкекте ысык сууга чектөө киргизилди. Мектептер онлайн окууга которулуп, бала бакчалар жабылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>