Кыргызстанга дүйнөдө атаандаша ала турган муун керек — Садыр ЖапаровБыйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала 1-класска кирүүдөКРдин Айыл чарба министрлиги АӨБдөн сууну жөнгө салуу бассейндерин курууга каражат сурадыБаланы чет өлкөгө чыгарууга макулдук берүү кээде шантажга айланууда — Дастан Бекешев15-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрлары
Кыргызстандык үч мушкер Испаниядагы мелдештин жарым финалына чыкты
02.02.2024 | 11:06
Кыргызстандык үч мушкер Испанияда өтүп жаткан Boxam эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
60 кг салмакта катышкан Сейитбек Мунарбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, алгач швейцариялык, чейрек финалда индиялык мушкерди уткан. Эми жарым финалда шотландиялык спортчу менен кез келет.
80 кг салмакта Сагын Сатыбалды уулу 1/8 финалда польшалык, чейрек финалда бельгиялык спортчуну жеңген. Жарым финалда өзбекстандык мушкер менен күч сынашат.
Ошондой эле 86 кг салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу чейрек финалдагы биринчи беттешинде польшалык боксчуну уткан. Жарым финалда индиялык спортчу менен таймашат.