Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте жылуулук өчүрүлгөн кичи райондордун тизмеси
02.02.2024 | 11:14
Бишкекте 3,5,6, 7, 11, 12 жана 8-кичи райондун бир бөлүгүндө жылуулук жок. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев билдирди.
Анын айтымында, жылуулук жок болгону менен түтүктөрдө суу айланып турат.
Маалыматка караганда, жалпысынан 60 миң батирде жылуулук аз, же төмөн болуп жатат.
Бишкек мэриясы зарыл болуп калса шаардыктар үчүн жылынуучу жайларын ачууга даяр.
“Ысык сууну үнөмдөп колдонуу ЖЭБти кайра тез арада ишке киргизүүгө жардам болот”, – деди вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом