Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө

20.08.2025 | 10:48

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5%га өстү. Бул көрсөткүч боюнча өлкө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен биринчи орунда турат:

  • Казакстан – 6,3% (7 ай)
  • Армения – 6,3% (6 ай)
  • Беларусь – 2,1% (6 ай)
  • Россия – 1,2% (6 ай)

Өсүш экономиканын бардык тармактарына таандык. Өнөр жай – 11,4%, курулуш – 37,8%, тейлөө чөйрөсү – 9,8%, айыл чарбасы – 2,3%.

Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялар 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4%га өстү, бул ички каржылоо булактарынын 52,2%га көбөйүшү менен камсыздалды. Мурунку жылдар менен салыштыра турган болсок: 2021-жылы – 122,8 млрд сом, 2022-жылы – 139,4 млрд сом.

Социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу максатында 11-августтан тартып 90 күнгө эттин (уй жана кой эти) баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынган. Ошондой эле 29-июлда Улуттук банк эсептик ченди 9,0%дан 9,25%га көтөрдү, инфляцияны ооздуктоо максатында.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top