Жаратылыш ресурстары министрлиги «Жашыл мурас» программасынын алкагында Токмокто эки миң көчөт отургуздуОшто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жазуулар өчүрүлүүдөКыргызстандын курама командасы Түркиядагы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 9 алтын медаль жеңип алдыҮрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскериштиАзия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыкты
Кыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жетти
07.04.2026 | 10:06

Кыргызстандын гуманитардык жардамы учурда Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери бүгүн, 7-апрелде, бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, 3-апрелде президенттин тапшырмасы менен Иранга гуманитардык жардам жүктөлгөн 7 унаа Иранга сапар алган. Жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт, анын ичинде 63 тонна дары-дармек жана 66 тонна азык-түлүк: ун, эт консервалары, өсүмдүк майы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом