Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери изделип жаткан 19 жаштагы казакстандык жоокер Улыкбек Бердишовдун сөөгүн туугандары таап алышты. Бул тууралуу Halyq Uni басылмасы маркумдун агасы Бауыржан Мерековго шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, анын сөөгү Кыргызстандын тоолуу аймагынан табылган.
Белгилүү болгондой, маркум Улыкбек Бердишов Кызылорда облусунун Казалы районунун тургуну. Жоокер 2-март күнү Жамбыл облусундагы Меркен чек ара заставасынын «Андас батыр» бөлүгүнөн дайынсыз жоголгон. Аны акыркы жолу ат сарайларды тазалап жаткан жеринен көрүшкөн.