ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Кыргызстандын тоолорунан казак жоокеринин сөөгү табылды
11.04.2022 | 10:07
Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери изделип жаткан 19 жаштагы казакстандык жоокер Улыкбек Бердишовдун сөөгүн туугандары таап алышты. Бул тууралуу Halyq Uni басылмасы маркумдун агасы Бауыржан Мерековго шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, анын сөөгү Кыргызстандын тоолуу аймагынан табылган.
Белгилүү болгондой, маркум Улыкбек Бердишов Кызылорда облусунун Казалы районунун тургуну. Жоокер 2-март күнү Жамбыл облусундагы Меркен чек ара заставасынын “Андас батыр” бөлүгүнөн дайынсыз жоголгон. Аны акыркы жолу ат сарайларды тазалап жаткан жеринен көрүшкөн.

Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар