Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти
Кайсы аймакта пенсия жогору? Жооп
11.04.2022 | 10:31
Социалдык фондун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева кайсы аймакта эң жогору пенсия алышат деген суроого Жогорку Кеңеште жооп берди.
“Эң жогорку пенсия Бишкекте. Орто пенсия 8100 сом, орто эмгек акы 22 677 сом. Эң төмөн пенсия Ош облусунда. Орто пенсия 5733 сом, ал эми эң төмөн эмгек акы Баткенде 13017 сом. Башка аймактар ушулардын ортосунда.
Эң көп пенсия алуучулардын саны: Ош облусунда 141 миң 686, андан кийин Жалал-Абад менен Чүй. Кыргызстан боюнча 714 миң пенсионер бар”- экенин билдирди.
Ушул тапта пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угуу болуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар