Жергиликтүү кеңештеги шайлоо: Кандай мыйзам бузуулар болду?

Жергиликтүү кеңештеги шайлоо: Кандай мыйзам бузуулар болду?

10-апрель күнү саат 18:00гө карата БШКга шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу 4 маалымат келип түшкөн. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда,  шайлоочуларды сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө – 3,  административдик ресурсту мүмкүн кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө – 1 даттануу келип түшкөн.

  1. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө урандыларды түшүрүү фактысы боюнча маалыматты текшерүүгө киришти.
  2. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Фейсбук» социалдык баракчасына жарыяланган Мамытова Айгеримдин саясий партиядан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалыматы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү. Шайлоочуларды сатып алган делген “Ата Журт” партиясы.

Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. Райондук прокуратура тарабынан тергөөчүнүн токтомунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча корутунду чыгарылган.

  1. Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Дима Большойдун «Фейсбук» социалдык баракчасына айылдагы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча жарыяланган маалымат боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө. (Юсупов, Ош облусунун Араван району)
  2. Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Ишеним», «Альянс», «Социал-демократтар» саясий партияларынын шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн укук бузууларга чараларды көрүү жөнүндө арызы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү. Алар Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматкери жана шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон «Күчтүү Коом» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А.Алымкуловго карата административдик ресурс колдонду деген даттануу келтиришкен.

Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. Райондук прокуратура тарабынан тергөөчүнүн токтомунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча корутунду чыгарылган.

Кечээ, 10-апрелде 13 жерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>