Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрү киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынды

Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрү киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынды

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. 

Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен  коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>