«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталды

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталды

Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абаддын Төш-Кутчу айылында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Курулушту баштоо иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышып, сүйлөгөн сөзүндө «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин белгиледи.

«Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет», — деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>