Кечээ, 13-майда Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун Пакистандын элчиси Халил Хашми менен жолугуп, Кытай Пакистан менен Индияны ок атууну токтотууга жетишүүсүн колдоорун билдирген. Бул тууралуу Кытайдын ТИМинин расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, тараптар Кытай менен Пакистан ортосундагы мамилелер, ошондой эле эл аралык жана регионалдык кырдаал боюнча пикир алмашышкан.
«Сунь Вэйдун Кытай Пакистан менен Индиянын ар тараптуу жана туруктуу ок атууну токтотууга жетишүүсүн кубаттап, колдой турганын билдирди. Ал пикир келишпестиктерди диалог жана кеңешүү жолу менен тынчтык жолу менен чечүүнү жактай турганын жана тараптар менен биргеликте регионалдык тынчтык менен туруктуулукту сактоого умтуларын белгиледи. Ошондой эле Кытай бул багытта конструктивдүү ролун улантууга даяр экенин айтты.»,- деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде элчи Халил Хашми ок атууну токтотуу жана тынчтыкка жетишүү боюнча ортомчулук аракеттери үчүн Кытайга ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Индия менен Пакистан ортосундагы чыңалуу 22-апрелде Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарынын жанындагы теракттан кийин кайрадан күчөдү. Террористтик чабуулдан 25 индиялык жана Непалдын бир жараны каза тапты. Индия бул чабуулга Пакистандын мекемелер аралык чалгындоо кызматынын тиешеси бар экенин далилдеген маалыматтар бар экенин жарыялаган. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кашмирдеги терактка Ислам республикасынын тиешеси бар деген Индиянын айыптоолорун четке каккан.
7-майда эки өлкөнүн чек араларында куралдуу кагылыш болуп, эки тараптан жалпысынан 36 адам каза болгону айтылган. Операция башталгандан төрт күндөн кийин, 10-майда Индия менен Пакистан кургактыкта, абада жана деңизде бардык аскердик аракеттерди жана ок атышууларды токтотууну макулдашышкан.